Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хижранын онунчу жылындагы коштошуу ажылыгында, Арафа күнү кутпа айткан. Пайгамбарыбыз анда эл менен коштошкондуктан, бул ажылыгы "коштошуу ажылыгы" деп аталып калган. Адамдардын баарын Аллахтын буйругун аткарып, кайтарганынан тыйылып такыба болууга буйруган. Аллах Таала күнү-түнү окулуусун парз кылган беш убак намазды окууга (буйруган). Рамазан айында орозо кармоого (буйруган). Сараңдык кылбай, татыктуу адамга малдын зекетин берүүгө (буйруган). Аллах Таала башчы кылган адамдарга күнөө иштен башкасында баш ийүүгө (буйруган). Ким ушул айтылгандарды аткарса, анын сыйлыгы - бейишке кирүү.