Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Иш-амалдардын кайсысы Аллахка көбүрөөк жагымдуу? деп суралды. Так шариятта көрсөтүлгөн убактысында окулган парз намаз - деди ал. Андан кийин ата-энеге жакшылык кылып, алардын акысын өтөп, аларды нааразы кылып каарына калбай, жакшы мамиле кылуу. Андан кийин Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн, исламды жана мусулмандарды коргоо үчүн жана анын шариятын ачыкка чыгаруу үчүн малы жана жаны менен Аллахтын жолунда жихадга чыгуу. Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Ал мага ушул иш-амалдар тууралуу айтты. Эгер мен: андан кийинчи? - деп, дагы сураганымда, ал мага дагы айтмак.