Сахаба Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү иштерге ант-убада бергенин айтат: тавхидди карманууга, бир суткада күнү-түнү окулчу беш убак парз намазды, үрүкүн, ваажыб, сүннөттөрүн аткарып толук окууга, парз зекетти берүүгө, ал байлардан алынып, татыктуу кембагалдарга бериле турган мал-мүлккө тиешелүү ибадат, башчыларга баш ийүүгө жана бардык мусулмандарга насаат кылууга. Анткени насаат сөз менен жана амал менен болуп, ага пайдасын тийгизип, жакшылыкка жетүүсүнө, андан жамандыктын кетүүсүнө умтулуу менен болот.