explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башкалар үчүн жасалган ар бир жакшылык жана пайда, мейли ал сөз түрүндө болсун же иш жүзүндө болсун, ал садака болорун жана анда сооп жана сыйлык бар экенин кабар берип жатат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Садака адамдын акчасынан берген нерсе менен эле чектелбейт. Анын кылган же айткан жана башкаларга жеткирген ар бир жакшылыгын да камтыйт.
  • Ал хадисте жакшылык кылууга жана башкаларга пайдалуу нерселердин баарын аткарууга кызыктыруу бар.
  • Оңой болсо да жакшылык үчүн болгон нерсени аз санабоо керек.