Пайгамбарыбыз Мединага келгенде анын караанын көргөн адамдар ага бет алып чуркашты. Аны утурлай чуркагандардын арасында жөөттөрдөн Абдуллах бин Салам да бар эле. Ал пайгамбардын жүзүн көргөндө эле ал жүздүн жалган айтпастыгын сезет. Анткени анын жүзүнөн нур, чырай, айбат жана чынчылдыктын белгиси көрүнүп турган. Анын пайгамбардан уккан эң биринчи сөзү, адамдын бейишке кирүүсүнө себеп боло турган амалдар жөнүндө айтканы болду. Ал амалдар төмөнкүлөр: Биринчи: саламды жайылтуу, көбөйтүү, тааныган адамга да, тааныбаган адамга да ачык салам айтуу. Экинчи: коноктоп же белек кылып, же садага катары ачка адамдарга тамак берүү. Үчүнчү: ата жагынан болобу, эне жагынан болобу туугандык байланышы бар жакын туугандар менен карым-катышта болуу. Төртүнчү: адамдар уктап жатканда түнкү напил намаздарды окуу.