Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каржылоону сүрөттөп, каржы кыла тургандар көп болсо, алардын эң зарылынан баштоо керектигин, ирети менен айтып берген. Каржылоонун сообу эң көбү - өзү каржылоого милдеттүү болгон адамдарга берилген каржы болот. Мисалы, аялына, баласына ж.б. Андан кийинкиси, Аллах жолундагы согушка даярдалган улоого кетирген каржысы. Андан кийин Аллах жолунда согушка кетип жаткан дос, жолдошторуна берген каржысы.