Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазына эртелеп баруунун артыкчылыгы тууралуу айткан. Намазга баруу убактысы – ошол күнү Күн чыккан убактан имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканга чейин созулат. Бул аралыкты беш саатка бөлсөк болот. Б.а. күн чыккандан баштап имам минбарга чыкканга чейинки убакты беш бөлүккө бөлөбүз: Биринчиси: кимде-ким жунуптуктан жуунгандай тазаланып жуунуп, биринчи саатта мечитке барса, төөнү садака кылгандай соопко ээ болот. Экинчиси: экинчи саатта барган адам уйду садака кылгандай соопко ээ болот. Үчүнчүсү: үчүнчү саатта барган адам мүйүздүү кочкорду садака кылгандай соопко ээ болот. Төртүнчүсү: төртүнчү саатта барган адам тоокту садака кылгандай соопко ээ болот. Бешинчиси: бешинчи саатта барган адам жумуртканы садака кылгандай соопко ээ болот. Ошентип имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда мечитке келгендерди катары менен жазып жаткан периштелер жазганын токтотуп, зикир жана кутпаны угуу үчүн чогулушат.