Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума хутбасына келгендер үчүн жума хутбасындагы важиб адептердин бири хутбаны түшүнүү үчүн тынч олтуруп угуу экенин баяндап жатат. Кимде-ким имам хутба айтып жатканда кыска болсо да сүйлөп, башкага: "Тынч бол, ук" - десе, анда жума намазынын пазилетинен куру калган болот.