Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин". Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазга барууну каалаган адам, жанабаттан жуунгандай жуунуп барганы жакшы экенин баса белгилеп айткан.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Жума намазына жууну баса белгиленген. Бул мусулмандар үчүн сүннөт. Намазга жөнөргө жакын жуунса андан да жакшы болот.
  • Тазалыкка жана жагымдуу жытка көңүл буруу мусулман адамдын жакшы адеп-ахлактарынан. Айрыкча адамдарга жолуга турган же чогуу отура турган жерге барганда бул маанилүү. Өзгөчө жума намазына жана жамаат менен намаз окула турган мечиттерге барганда.
  • Хадистеги кайрылуу жума намазына баруу моюнуна жүктөлгөн адамдарга гана тиешелүү. Анткени, жума намазына ушулар барат.
  • Жумага барган адамдын таза болуусу мустахаб. Ал жуунуп денесинен жагымсыз жытты кетирип, жыттуу нерселерди сүртүнүп алышы керек. Эгер даарат алуу менен чектелсе, бул да жетиштүү болот.