Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабар берди: "Ар бир акыл-эси жайында болгон бойго жеткен мусулман үчүн жуманын жети күнүндө бир күн жуунуп туруу жана бул күнү тазалыкка умтулуу менен башын жана денесин жууп туруу – мусулмандын милдети. Ал эми бул күндөрдүн биринчиси, кээ бир риваяттарда айтылгандай жума күн. Бейшемби күнү жуунуп алса да жума күнү намаздан мурда жуунуу бекемделген мустахаб (9) амал. Жума күнү жуунуу важиб деген өкүмдөн буруучу нерсе ал Айшанын (Аллах андан ыраазы болсун) сөзү: "Адамдар өз иштери менен алектенишчү, жума намазга барганда кадимки көрүнүшү менен барышчу. Ошондуктан аларга мындай деп айтылды: "Жуунсаңар болмок". Имам Бухари риваят кылган. Ал эми Имам Бухаринин башка риваятында: "Алар жыттанып турчу" б.а. тер жана ушуга окшогондордун жыты бар эле. Ошого карабастан, аларга: "Жуунсаңар болмок» - деп эле айтылган болсо, анда алардан башкаларга айтуу да ылайыктуураак.