Момундардын энеси Маймуна (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунуб болгондон кийин кандай жуунгандыгын айтып берген. Ал суу алып келип, кийим менен тосуп турат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкүдөй тартипте жуунат: Биринчи: эки колун сууга салыштан алдын колуна суу куюп эки колун тең таза жууйт. Экинчи: оң колу менен суу алып сол колуна куюп, аны менен аврат мүчөлөрүн жууйт; ушинтип жунуб болгон учурда жугуп калган нажасаттардан тазалайт. Үчүнчү: анан ошол колун жерге уруп, ары-бери сүрүп, анан колун суу менен тазалап жууйт. Төртүнчү: оозун жууйт; оозун толтура суу алып, оозун чайкап, тамагына чейин жеткирип кайра түкүрөт. Анан мурдун жууйт; мурдуна суу тартып кайра чыгарат. Бешинчи: бетин жана колдорун чыканактарына чейин жууйт. Алтынчы: башына суу куят. Жетинчи: жалпы денесине суу куят. Сегизинчи: ордунан жылып, анан буттарын жууйт. Маймуна энебиз ага арчынганга чачык алып келет. Бирок аны менен арчынбай, денесиндеги сууну колу менен сыдырып кургатат.