Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең Хайбардагы жөөттөр жеңилерин кабарлап, бул жеңиш ал берген тууну кармаган адамдын кол алдында болорун айтат. Туу - бул, жоокерлер согушта өз эн белгилери катары көтөрүп жүргөн желек. Тууну бере турган кишинин сыпаты мындай: ал Аллахты жана анын элчисин жакшы көрөт. Аллах менен Анын элчиси да аны жакшы көрөт. Мындай улук сый-урматка жетүүгө кызыккан сахабалардын баары түнү менен ал ким болор экен деп сүйлөшүп, самап чыгышат. Эртеси бул улук сыйды үмүт кылып баары Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына келишти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али бин Абуталиб кайда экенин сурады. Анын көзү ооруп жатканын айтышты. Аны чакарып келгенге бирөөнү жиберип, ал Алини чакырып келди. Анан шилекейин Алинин көзүнө сүртүп, ага шыпаа тилеп дуба кылды. Анын көзү эзели оорубагандай болуп айыгып калды. Анан ага тууну карматып, душмандын чеп, сепилдерине жеткенге чейин эч кимге зыян тийгизбей барып, аларга жеткенден кийин исламга кирүүнү сунуш кылууну, эгер сунушту кабыл кылышса, алардын моюнуна кандай парздар милдет болорун эскертүү керектигин айтат. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Алиге Аллахтын динине чакыруунун артыкчылыгын эскертип, эгер адам бирөөнүн динге кирүүсүнө себепкер болуп калса, арабтар үчүн эң баалуу болгон кызгылт төөгө ээ болуудан да же ошондой төөнү садага кылгандан да артык сооптуу иш экенин айтат.