Али бин Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) ал маази суусу көп аккан киши болгонун айтат. Маази суусу - ак түстө, суюк, илешкээк суу, ышкы кумары козголгондо же жыныстык катнаштан мурда агып чыгат. Ал маази суусу агып чыккандан кийин эмне кылуу керектигин билбей, ал тууралуу пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) суроодон уялат. Анткени аялы Фатима пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызы эле. Анан ал тууралуу пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурап келүүнү Микдад бин ал-Асваддан суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аспабын жууп анан даарат алсын - деп жооп берет.