Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара кылганы же заңдаганы даарат ушатууга барган адамды кыбылага, Кааба тарапка карап отуруудан жана ал жакка артын салып отуруудан тыйган. Тескерисинче, күн чыгышка же батышка бурулуп отурууга буйруган. Бул кыбыласы Мединанын кыбыласы сыяктуу болгон жерлерге тиешелүү. Анан Абу Айуб (Аллах андан ыраазы болсун) алар Шамга барганда, атайын даарат ушатуу үчүн курулган дааратканалар кыбыла тарапка карап курулганын көргөнүн айтат. Ошондо алар башка бир тарапка бурулуп отуруп жүрүшкөнүн, ошого карабай Аллахтан кечирим тилеп жүрүшкөнүн айтат.