Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндөгү жакшы амалдар жылдын башка учурларынан абзел экенин кабарлаган. Сахабалар бул күндөрдөн башка күндөрү Аллах жолунда жихадга чыгуунун сооп-сыйлыгы тууралуу, бул амал абзелби, же ушул күндөрдөгү жакшы амалдар абзелби деп сурашат. Анткени аларда жихад иш-амалдардын эң абзели экени белгилүү эле. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга минтип жооп берип: бул күндөрдөгү жакшы амалдар башка күндөгү жихаддан да сооптуу, бирок бирөө Аллах жолунда жихадга өз мал-мүлкү менен чыкса жана мал-мүлкү түгөнүп, өзү да шейит болуп кетсе, ушул адамдын гана сооп-сыйлыгы жогору болорун айтат. Бул күндөрдөгү жакшы амалдарды абзел кылган мына ушул.