Сахл бин Хунайф (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким шейит болууну чын жүрөктөн суранса, Аллах Таала аны ал төшөгүндө жатып өлсө да аны шейиттердин даражасына көтөрөт". Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким Аллах жолунда шейит болуп өлүүнү Аллахка чын ыкласы менен ниет кылса, Аллах Таала анын чын ниети үчүн эгер ал төшөгүндө жатып өлсө да шейиттердин даражасын берерин айткан.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Чыныгы ниет жана чамасынын жетишинче аракет кылуу - аракетине толук жете албаса да максат кылган сооп-сыйлыкка жетүүгө себеп болот.
  • Жихадга жана шейиттикти үмүт кылууга үндөгөн.
  • Аллах Таала мусулман үммөтүн урматтаган. Аз гана амал үчүн бейиштеги улук даражаларды берет.