Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакында Ислам дини бүт жер бетине жайыларын, түн менен күн жеткен жердин баарына жетерин айткан. Аллах Таала шаардагы, айыл-кыштактагы, атүгүл жайлоодогу үйлөргө чейин бул динди киргизет. Кимде-ким Исламды кабыл кылып, ага ыйман келтирсе, Исламдын ызаты менен ызаттуу болот. Кимде-ким Исламдан баш тартса, ишенбей каапырдык кылса, кор болот. Хадисти айткан сахаба Тамим ад-Даари (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан бул кабарды турмушта өзүнүн жакындарынан көргөнүн айтат. Жакындарынын арасынан кимиси динди кабыл кылса, ал жакшылыкка жетип, кадыр-барктуу болуп ызатка ээ болду. Ал эми динди кабыл кылбагандары кор болушту. Анткени, алар салык катары мусулмандарга мал-мүлкүнөн төлөп жашашкан.