Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Адамдардын эң жаманы - Кыямат кайым болгондо тирүү болгондор жана мүрзөлөрдү мечитке (ибадатканага) айландырып алгандар". Хасан (жакшы) - Ахмад жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) адамдардын эң жамандары тууралуу айткан. Алар кыямат кайымдын болгонун көргөн адамдар. Ошондой эле мүрзөлөрдү мечит кылып, анын үстүндө же ага жүздөнүп намаз окугандар.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Кабыр үстүнө мечит куруу арам, тыюу салынган. Анткени, бул ширкке алып барат.
  • Кабырда мечит жок болсо да намаз окуу арам, тыюу салынган. Анткени, мечит деген сөз сажда кылына турган жай дегенди билдирет, имарат жок болсо да сажда кылынган жер мечит болуп эсептелет.
  • Салих адамдардын кабырларын анда намаз окуу үчүн мечит кылып алгандар - адамдардын эң жамандары. Алар мындай кылуудагы максаты Аллага жакындоо деп эсептешсе дагы.