Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Зайнаб бинт Жахштын бөлмөсүнө чочулап, корккондой түр менен кирет. Анан алдыда жаман иштин болорун, андан бир гана Аллахка жалбаруу менен кутулууга болорун билдирип: "Лаа илааха иллаллааху" дейт. Анан минтип айтат: Араптарга вайл болсун, бир жамандыктын ишке ашарына аз калды. Бүгүн Йажуж менен Мажуждун Зулкарнайн тосуп кеткен тосмосу ушунча өлчөмдө ачылды деп, баш бармагы менен сөөмөйүн бириктирип, ортосунда пайда болгон жылчыкты көрсөттү. Зайнаб (ага Аллах ыраазы болсун): "Арабызда ыймандуу, саалих адамдар бар болсо, Аллах кантип бизди кыйратып жиберсин? деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай дейт: Эгерде бузукулук, жамандык, күнөөлөр, зына кылуу, арак ичүү ж.б. көбөйүп кетсе, Аллах Таала адамдардын баарын чогуу кыйратат.