Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз экөөнө тиешелүү кээ бир абалдары тууралуу баяндайт. Алардын кээ бири булар: Ал пайгамбарыбыз экөө жунубдуктан жуунганда бир идиштен суу алып жуунчу. Анын айызы келген кезде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кошулууну кааласа, киндигинен тизесине чейин кийинип алууга буйруп, анан ага кошулбастан кучактап, жакындай берчү. Дагы ал айызы келип турган учурда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитте этикафта болсо, башын эшиктен анын бөлмөсүнө чыгарып, ал жууп берчү.