Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды угууга жана баш ийүүгө буйруп, өз укуктарын талап кылган, бирок адамдарды адилдикти, олжо бөлүштүрүүнү, зулум тарткан адамга жардам берүүнү, теңдикти талап кылуу укуктарынан ажыраткан башчылар тууралуу суралды. Бизди андай башчыларга кандай мамиле кылууга буйруйсуң? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул суроону жактырбагансып, ага жооп бербей тескери бурулду. Бирок сураган адам суроосун эки-үч жолу кайталап жиберди. Ашаъс бин Кайс сурап жаткан кишини этегинен тартып жым бол деп белги берди. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жооп берип мындай деди: Алардын айтканын уккула, буйругуна баш ийгиле. Анткени, алар моюнуна жүктөлгөн, адилеттүү болуу, кол алдындагылардын акысын берүү сыяктуу иштерге өздөрү жооп берет. Силер болсо, моюнуңарга жүктөлгөн, аларга баш ийүү, акысын берүү, кыйылчыкка сабыр кылуу сыяктуу иштерге жооп бересиңер.