Абу Бакр Сыддык (ага Аллах ыраазы болсун) адамдар төмөнкү аятты окуп жүрүшкөнүн айтат: "Эй, ыймандуу пенделер! Өзүңөргө сак болгула! Эгер туура жолго түшкөн болсоңор, адашкандар силерге зыян тийгизе албайт..." (Маида, 105-аят). Бул аятты адам өз жанын сактаса болду, ал өзү ыйманга келгенден кийин башкалардын адашканы ага зыянын тийгизбейт, ал башкаларды жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюуга буйрулган эмес деп түшүнүшөт... Анан аларга анын мааниси андай эмес экенин үйрөтүп, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын айтат: Эгер адамдар заалым адамды көрүп, аны тыюуга кудурети болуп туруп, аны зулумдуктан тыйбаса, Аллах Таала алардын баарын чогуу азаптап коюшу жакын болот. Жаман иш кылганды жаман иши үчүн, ага унчукпаганды унчукпаганы үчүн.