Бир киши пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы ишти аткарса Аллах Таала да, адамдар да жакшы көрөрүн сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): бул дүйнөдө ашыкча болгон, акыретиңе пайдасы жок, диниңе зыянын тийгизе турган нерселерден баш тартсаң, Аллах жакшы көрөт. Ал эми адамдардын колундагы нерселерден баш тартсаң, адамдар жакшы көрөт. Анткени алар дүнүйөнү жакшы көрөт, дүнүйө топтоодо атаандаш болгон адамды жаман көрүшөт. Аларга атаандашпай таштап койгон адамды жакшы көрүшөт.