Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба ибадат экенин кабар берди. Дуба жалаң гана Аллах үчүн болушу керек. Мейли ал дуба сурануу жана талап кылуу дубасы болсун, Аллах Тааладан өзүнө пайда алып келе турган нерсени суроо менен жана бул дүйнөдө жана акыретте зыян келтирүүчү нерселерден коргоонуну талап кылуу менен болот. Мейли ал дуба ибадат дубасы болсун, жалаң гана Аллах үчүн болушу керек. Ибадат дубасы - бул Аллах Таала сүйгөн жана ыраазы болгон бардык сөздөр жана иш-аракеттер, сырткы жана ички иш-аракеттер жана жүрөктүн ибадаттары, дененин ибадаттары жана мал-мүлк менен болгон ибадарттар болуп саналат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушуга Аллах Тааланын бул сөзүн далил кылды: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет».