Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адам өлгөндө анын иш-амалдары токтоп каларын кабаларган. Өлгөн адамга анын себеби менен ишке ашкан төмөнкү үч иштин гана сообу жетип турат: Биринчи: Вакфка берген мүлкү, же салып койгон мечити, же казып суу чыгарып койгон кудугу сыяктуу сообу токтобой агып туруучу садага иштери. Экинчи: Адамдар пайдалана турган илими. Илим жолунда жазган китептери, же кимдир бирөөнү окутуп үйрөткөн илими. Ал өлгөндөн кийин анын жазган китеби окулган сайын, же ал илим берген адам башкаларга илимин тараткан сайын сообу ага жазыла берет. Үчүнчү: Ата-энесине дуба кылган ыймандуу, саалих баланын дубасы.