Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аалымдардын алдында мактануу үчүн жана мен да силердей аалыммын деп өзүн көрсөтүү үчүн илим алуудан катуу кайтарды. Ошондой эле акмактар жана жеңил ойлуу адамдар менен талашып-тартышуу максатта илим алуудан кайтарды. Жыйындарда алдыңкы катарда болууга, башкалардан артыкчылык кылуу максатта илим алуудан кайтарды. Андыктан ким мындай кылса, анда ал риякерлиги жана илим издөөдөгү ыклассыздыгы үчүн отко татыктуу болот.