Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) медицинадагы негизги нерселердин бирине багыттады. Бул аз тамактануу аркылуу ден соолукту сактоо. Адам иштерин жасаганга күч бере тургандай тамак жесе жетиштүү. Себеби адамдын тамакка толгон аш казаны эртедир-кечтир ачык же жашыруун көптөгөн ооруларга чалдыктырат. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер адам курсагын тойгузушу керек болсо, анда аш казандын бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн сууга, бир бөлүгүн абага калтырышы керектигин айткан. Ошондо аш казан кысылбай, Аллах Таала буйруган дүйнө жана дин амалдарын аткарууга жеңил болот.