explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга ырайым кылбаган адамга Аллах Таала ырайым кылбай турганын баяндап жатат. Пенденин калайык калкка кылган ырайымы – Аллах Тааланын ырайымына ээ болуунун эң чоң себептеринин бири.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Ырайымдуулук бардык макулуктар үчүн талап кылынат. Бирок ал макулуктарга адамдардын көңүл буруусу өзгөчө айтылды.
  • Аллах Таала Ырайымдуу. Ырайымдуу пенделерин ырайымына алат. Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот.
  • Адамдарга ырайымдуулук кылуу - бул аларга жакшылык кылууну, алардан жамандыкты кайтарууну жана аларга жакшы мамиле кылууну камтыйт.