Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга сүйлөп жатып эки чоң маанилүү нерсени айткан: Биринчи: Кимде-ким даарат алганда толук даарат алып, жеткиликтүү кылып сүннөттө көрсөтүлгөндөй ар бир мүчөнүн акысын берип кемчиликсиз даарат алса, анан: Ашхаду аллаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху деп келме айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып, алардан каалаганынан кирет. Экинчи: Кимде-ким жогоруда айтылгандай толук жеткиликтүү даарат алса, анан чын ыкластан жүзү жана бүт дене мүчөсү менен Аллахка берилип эки рекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот.