Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда үч учурда колун ийин тушуна чейин: далы менен акырек сөөгүнүн тушуна чейин көтөргөн. Биринчи учур: намазды баштагандагы биринчи такбирде. Экинчиси: рүкүгө эңкейгендеги такбирде. Үчүнчүсү: рүкүдөн башын көтөргөндө. Ушул учурда: Самиъа Аллаху лиман хамидах, роббанаа ва лакал хамд деп айткан. Сажда кыларда да, саждадан өйдө болордо да колун көтөргөн эмес.