Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тамак келгенде намаз окуудан тыйган. Анткени намаз окуп жаткан адам тамакты эңсеп, жүрөгү ага байланып калат. Ошол сыяктуу эле Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки нажасты; чоң заара жана кичи заара келген абалда намаз окуудан тыйган. Анткени андай учурда намаз окуучу дааратын кармоо менен алек болуп калат.