Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасы менен бир тууган агасы Абу Талиб жан берерде анын жанына кирип, ага мындай деди: Ага, "Лаа илааха иллаллоху" деңиз, Аллахтын алдында ушул сөзүңө сага күбө өтөм. Абу Жахил менен Абдуллах бин Абу Умая экөөсү: Эй, Абу Талиб, атаң Абдулмутталибдин динин чанып кетесиңби?! - дешти. Анын дини буттарга сыйынуу дини болчу. Ошентип экөө улам кайталап айтып жатып, акырында Абу Талибдин соңку сөзү: Мен Абдулмутталибдин дининдемин деген сөз болду. Ширк жана буттарга сыйынуу дининде (калды). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага кечирим тилеп дуба кылам, Аллах мени мындан тыйганча - деди. Ошондо Аллах Таала бул аятты түшүрдү: "Пайгамбарга да, ыймандуу пенделерге да, мушриктер алардын тууганы болсо деле, алар тозоктун тургундары экени маалым болгондон кийин, аларга кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят). Абу Талиб жөнүндө Аллах Тааланын төмөнкү сөздөрү түшкөн: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың. Бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат. Ал туура жолго түшүүчүлөрдү билүүчү" (Касас, 56-аят). Сен туура жолго түшүүсүн самаган адамыңды туура жолго сала албайсың, сенин милдетиң жеткирүү гана. Аллах кимди кааласа аны туура жолго салат.