Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын чегинде туруучуларга, Аллахтын буйругун такай аткаруучуларга, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйуучуларга мисал келтирди. Жакшылыкка чакырууну таштап, жамандыкка берилип Аллахтын чегине кирип кеткендер жана алардын коомчулуктун ийгилигине тийгизген таасиринин мисалы, кемеге түшкөн бир топ адамдын мисалына окшош. Алар кеменин үстүнкү кабатына ким жайгашат, астына ким жайгашат деп чүчү кулак кармашат. Анан кээ бири үстүн, кээ бири астын ээлейт. Астына жайгашкандар суу алмакчы болгондо, үстүнө чыгып андагыларды аралап өтөт. Астынкы кабаттагылар өз ара сүйлөшүп: Эгер биз ушул астынан өзүбүзгө суу ала турган тешик тешип алсак, үстүндөгүлөрдү убайма кылбайбыз - дешет. Эгерде үстүндөгүлөр аларды ушундай кыла бергиле деп таштап койсо, алардын баары кеме менен чөгүп кетет. А эгер аларды мындай кылуудан кайтарып, тыйышса, эки топ тең аман калат.