Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган иштердин жана сөздөрдүн эң оору - жакшы кулк-мүнөз экенин айткан. Жакшы кулк-мүнөз - бул, жарык маанай, эч кимге зыян тийгизбөө, жакшылыкты көп кылуу ж.б. Аллах Таала иши жана сөзү бузук адамдарды жана сүйлөгөн сөзү башкаларды иренжите турган адамдарды жакшы көрбөйт.