Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү үч түрдүү адамдан башкаларына жоопкерчилик жүктөлөрүн айткан: Жаш бала чоңоюп, балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айнып жинди болуп калган адам кайра акылына келгенге чейин. Уктап жаткан адам ойгонгонго чейин. Булардан жоопкерчилик алынган. Булардын кылган күнөөсү жазылбайт. Бирок жаш баланын жакшы иштеринин сообу жазылат. Жинди болгон адам менен уктап жаткан адамга жакшы иштеринин сообу да жазылбайт. Анткени, өздөрү эмне кылып жатканын билбегендиктен, алар ибадаттары кабыл болбой турган адамдар болуп эсептелет.