Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коомчулуктагы ар бир мусулмандын кам көрүшү жана көтөрүүсү керек болгон жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн кабар берет. Имам же башчы Аллах ага башкартып койгон адамдар үчүн кайтаруучу, анын моюнуна алардын шариятын сактоо, аларга зулумдук кылгандардан коргоо, душмандарына каршы күрөшүү жана укуктарын коргоо жүктөлгөн. Эркек киши үй-бүлөсүндө аларды каржылоого, жакшы мамиле жасоого, таалим-тарбия берүүгө, адеп берүүгө милдеттүү. Аял киши күйөөсүнүн үйүндө үй иштерин жакшы жүргүзүүгө, балдарына жакшы тарбия берүүгө милдеттүү. Ал ушул нерселер тууралуу суралат. Кызматчы же мандикер иштеген адам кожоюндун анын колунда турган мал-келин сактоого жана кылган кызматына жоопкер, ал ушулар үчүн суралат. Ар ким өзүнө тапшырылган нерсенин кайтаруучусу жана алар тууралуу сөзсүз суралат.