Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте мусулмандарга алардын мал-мүлкүнө ж.б. дүйнө иштерине кыянат кыла турган башчылар башчылык кыларын кабарлаган. Ал башчылар алардын мал-мүлкүн каалагандай жумшап, мусулмандардын акысынан тыят. Ошондой эле аларда динде четке кагылган иштер пайда болот. Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) ошол учурда эмне кылуу керектигин сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын мал-мүлктү каалагандай жумшоосу, силерди башчыны угуп, ага баш ийүү милдетинен тыйып койбоосу керектигин айтат. Тескерисинче, сабыр кылгыла, уккула, баш ийгиле, алардан бийликти талашпагыла, өзүңөргө тиешелүү акыны, башчыларды оңдоп-түзөөнү, алырдын жамандыгын жана зулумдугун жок кылууну Аллахтан сурагыла - деди.