Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилгенин кабарлайт: Биринчиси: Мени менен душмандарымдын аралыгы бир айлык сапар болгонуна карабастан, Аллах Таала алардын жүрөгүнө коркунуч салып, мага жардам (жеңиш) берди. Экинчиси: Жер бети бизге намаз окууга жарактуу болду. Кайсы жерде болсок ошол жерде намаз окуй беребиз. Ошондой эле суу жок учурда таямум кылганга жердин топурагы таза болду. Үчүнчүсү: Согуштан түшкөн олжолор да адал болду. Олжо деп, мусулмандар каапырлар менен согушуп жеңишке жетишкенде алардан калган мал-мүлккө айтылат. Төртүнчүсү: Адамдарды кыямат күнүнүн коркунучунан куткаруу үчүн шапаат кылуу артыкчылыгы берилди. Бешинчиси: Мен жалпы калайыкка, инсандарга да, жиндерге да пайгамбар болуп жиберилдим. Мурдагы пайгамбарларда андай болгон эмес. Алар ар кимиси өзүнө тиешелүү элине гана жиберилген.