Ыймандуулардын энеси Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү тууралуу суралат. Ал мааниси терең бир сөз менен жооп берет. Суроочунун көңүлүн бардык толук сыпаттарды камтыган Куранга буруп: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курандын ахлагын алган эле" - дейт. Куран эмнеге буйруса аны аткарган, Куран эмнеден тыйса, андан сактанган, мүнөзү ага амал кылуу менен болгон, чектеринен чыккан эмес, адебинен адеп алган, мисалдарынан жана окуяларынан сабак алган.