Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман киши ага болгон махабатын энесинин, атасынын, баласынын, кызынын, деги эле бардык адамдардан да жакшы көрмөйүнчө толук ыймандуу боло албастыгын бизге кабарлаган. Бул жакшы көрүү ага баш ийүү, (сүннөтүн жайылтууга) жардам берүү, ага күнөө кылууну таштоо аркылуу болот.