Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын эң берешени болгон. Рамазан айында берешендиги андан да күчөп, ким эмнени кааласа ошону берчү. Анын берешендигинин артышына эки себеп бар эле: Биринчиси: Жебиреил периштеге жолукканы. Экинчиси: Куранды жүрөгүнөн өткөрүп окуганы. Жебиреил периште ага Курандан түшкөн аяттардын баарын дагы бир сыйра окутуп чыкчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) өтө берешен жана жакшылыкты өтө көп кылган киши болгон. Адамдарга жакшылык кылууда Аллах Таала жөнөткөн согуп турган шамал сыяктуу шашылат эле.