Абу Масуъддун (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгер киши үй-бүлөсүн сооп үмүт кылуу менен каржыласа, анын каржысы садака болуп эсептелет".
Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер эркек киши каржылай турган үй-бүлөсүн, аялын, ата-энесин, балдарын ж.б. каржыласа, ал муну менен Аллахка жакындарын, анын бергенине садака бергендин сообу берилерин кабарлаган.
Хадистин пайдалары
Үй-бүлөсүн каржылоо менен сооп-сыйлыкка да жетүүгө болот.
Ыймандуу адам кайсы ишинде Аллахтын ыраазылыгын көздөсө, ошол ишинде сооп болот.
Бардык иштерде ниетти түздөө зарыл, ушул иштердин бири үй-бүлөсүн каржылап жаткан учур.