Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төлгөчүгө барууга болбостугун эскерткен. Төлгөчү дегени, көзү ачык, жылдыз кароочу, пал ачуучу ж.б. ушундайларды пайдаланып кайыпты билерине далил кылган адамдардын жалпы аталышы. Мындайлардан кайып ишти бир эле жолу сурап койсо, Аллах Таала сураган кишини кырк күндүк намазынын сообунан куру калтырат, бул анын ушундай чоң күнөөгө барганынын акыбети.