Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уялчаактыгын бойго жеткен, турмушка чыга элек, эркектерден өзүн жашырган кызга салыштырган. Анткени, анын уяттуулугу жогору болгон, эгер бир нерсени жактырбаса, жүзү өзгөрүп кетет эле жана эч нерсе деп айтчу эмес. Сахабалар анын жүзүнөн жактырбай жатканын байкашчу.