Аллахтан сооп-сый талап кылып ошол эле учурда элден мактоо, атак-даңк үмүт кылып казатка чыккан кишинин өкүмү кандай болорун суроо үчүн бир киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип ошол адам сооп-сыйга татыктуу болобу деп сурайт. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андай адамга эч кандай сооп берилбейт, анткени ал ниетинде Аллахка башка нерсени шерик кылды деп жооп берет. Суроо берген киши суроосун үч жолу кайталайт. Пайгамбарыбыз да баягы ага эч кандай сооп берилбейт деген жообун кайталап айтат. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын алдында амалдардын кабыл болуу эрежесин эскертип: Аллах Таала баары Анын Өзү үчүн аткарылган, эч кандай башка ниет аралашпаган, Аллахтын ыраазылыгы көздөлгөн амалдарды гана кабыл кыларын айтат.