Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимдир бирөөнү кор болуп, шерменде болсун деген мааниде "тумшугу менен жер сүзсүн" деп үч жолу дуба кылды. Бирөөлөр: О, Алланын элчиси, кимге мындай каршы дуба кылып жатасыз? деп сурайт. Ал: Кимдин ата-энеси экөө тең, же экөөнүн бири баласынын колунда картайса, ошолордун картайганы баласынын бейишке кирүүсүнө себеп боло албаса б.а. аларга жакшы мамиле кылбай, алардын каргышына калса, ошол бала тумшугу менен жер сүзсүн деп жооп берди.