Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга карыз берип жакшы мамиле кылган киши жөнүндө же аларга бир нерсени сатканда бир канча мөөнөттөн кийин төлөөгө макул болуп саткан киши жөнүндө кабар берип жатат. Ал адамдардагы карыздарын чогулткан кызматкерине мынтип айтат эле: «Эгерде карызды чогулткан учурда карыздар адам өтө муктаж болгондуктан алган карызын төлөй албай турган болсо, анда анын карызын же кечип жибер же болбосо кошумча убакыт бер жана аны шаштырба». Же болбосо карыздын канчасын төлөй алса ошону алып, калганын кечип жибер». Ал киши бул кылган иштери аркылуу Аллахтан кечирүүсүн үмүт кылган. Ошондуктан ал өлгөндө Аллах анын күнөөлөрүн кечирип, жамандыктарын жоюп салды.