Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер намаз окуп жаткан адам үчүнчү рекетти окудумбу же төртүнчү рекетти окудумбу деп эки анжы ойдо калса, күмөнсүрөп жатканын, тагыраагы төртүнчү рекет деген оюн таштап, анык болгон үчүнчү рекетти окудум деген ойго токтоп, анан дагы бир рекет кошуп окусун, акырында кошумча эки сажда кылсын деп айткан. Эгер төртүнчү рекетти окуган болсо, анда кошуп окуган рекети бешинчи болуп, бир рекет ашыкча болот. Анын артынан аткарылган кошумча эки сажда бир рекет намаздын ордуна эсептелип, намазы алты рекет б.а. так эмес, жуп намаз болуп жарактуу болот. Эгерде кошумча окуган бир рекети менен биригип намазы төрт рекет болсо, анда ашык-кеми жок төрт ирекет намазын окуган болот. Ал эми намаздын соңундагы эки кошумча саждасы шайтанды кор кылып, аны максатынан куру калтырган курал болот. Анткени, шайтан пендени намаздан алагды кылды, намазын бузууга аракет кылды, бирок пенде Аллахтын буйругун аткарып, убагында Ибилис Адамга сажда кылбай күнөөкөр болгон эки сажданы аткарып намазын кайра оңдоп алды.