Жебирейил периште Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайра-кайра кайталап, үйгө жакын жайгашкан кошунасына, мусулманбы же каапырбы, тууганбы же башкабы, анын акысын сактап, ага зыян келтирбестен, ага жакшылык кылып жана анын зыянына сабыр кылып, кам көрүүнү буйруп жатканын кабарлап жатат. Жебирейил периште Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кошунанын акысын сыйлаш керек деп ойлогонго чейин кайра-кайра кайталады. Жебирейил периштенин кайра-кайра кайталоосу өлгөндөн кийин кала турган кошунасынын мал-мүлкүнөн мурас берилээрине вахий түшөт деген ойду пайда кылды.