Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: Аллах Таала кээ бир иштерди аткарууну милдет парз кылган, мындай иштерди жеңил санап, же кайдыгерлик кылып аткарбай койбогула. Ал силерге чектерди белгилеп, эскертүүлөрдү берди, алар силерди Аллах ыраазы болбой турган иштерден тосуп, эскертип турат. Шарият буйругандан ашыкча кылып кошуп жибербегиле. Арамдарды ачык баяндады, ага жакындабагыла. Андан башка нерселерди пенделерине ырайым кылып, унчукпай калтырып койгон. Алар ошол мубах боюнча кала берет, аларды тереңдеп изилдебегиле.